Орусиядан келип кыргыз жарандыгын алгандар көбөйдү

Акыркы бир нече жылда Кыргызстандын жарандыгын алууда орусиялыктар сап башына чыкты. 2024-жылы 7 миңден ашуун орус жараны, алардын ичинде этностук кыргыздар Кыргызстандын паспортун алышкан. Бул сан коңшу Өзбекстандан, Тажикстандан жана Казакстандан келип, кыргыз жарандыгын алгандарга салыштырмалуу кыйла көп.