2021-2024-жылдары кыргыз жарандыгын алган орусиялыктар 

Соңку төрт жылда 14 миңден ашуун орусиялык Кыргызстандын жарандыгын алган. Анын ичинде дээрлик 20% (2 729 адам) түпкүлүктүү орусиялыктар болгон. Алар жарандыкты Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Орусиянын ортосундагы төрт тараптуу келишимдин (26-февраль 1999-жыл) негизинде жеңилдетилген тартипте алышкан.